Осмоналы Сыдык уулу (1875–1942) — кыргыздын алгачкы агартуучусу, тарыхчысы жана санжырачысы. Ал кыргыз элинин тарыхын, келип чыгышын, урууларын изилдеген.
1913-жылы «Мухтасар тарых-и кыргызия», 1914-жылы «Тарих-и кыргыз Шадмания» китептерин чыгарган. Бул эмгектер кыргыз тарыхы тууралуу алгачкы жазма булактардын бири болуп саналат. 1916-жылдагы Үркүндө Кытайга өтүп, өмүрүнүн акырын ошол жакта өткөргөн.
