Сверь числа и знаки с фото.
МЕЗГИЛ УЧАТ (Повесттен үзүндүлөр) Үчөө
Айтке ара талаада отуруп, күңүрөң берди. – Мен талапайдын изине түшүп кубалап баратам, ал келекесин көрсөтпөйт, менден качат, коркот!.. Жок, мен күнөөкөр болдум ок-
Ооба, күнөөкөрмүн. Бул сөзүм кудайдын кулагына жетпесин... Ооба, күнөөкөр болдум, кечир кудай, мендей кулдун айыбын кечир. Мени мындан ары корго, таман акым, маңдай терим менен тапканыма өзүм ээ болоюн, ушул жашка келгенче ууру кылганым, ушак сүйлөгөнүм жок. Бирөөдөн суук тилди көп уксам да, бирөөгө катуу айткым келбейт. Балким, бул менин кемчилигимдир, – деп катуу улууңду да, дагы бирдемелерди айтмакчы болду. Бирок этеги тилик эски мата чепкендин үстүндө мемиреп жаткан бала уйкусунан чукуранып жиберди. Айткенин оозундагы сөз учуп кетти, баланы жалт карады. Китирейген сары баласы эки колун ээгине такап, бүрүшкөн бойдон тикши кычыратып: «Апаке дейим, бутум, апаке, бутум, бутум», – деп назик үнүн чыгарып соолуктап ыйлап жиберди. Көзүнүн жашы кадимкидей тамчылап, эски чапана төгүлө берди. Атасы баладан көзүн алган жок, сол колу менен жер таянып, эңкейе түшүп, алдында жаткан баланы арбап жаткандай болду. Бала колдорун жазып, бирдемени кучактагандай, бирөөнү чорбойгон эриндери менен өпкөндөй жулуп алды, жылмайып койду. Бала жылмайганда Айтке да жылмайды, бирок анын чекчейген кичинекей сары сакалы ысык жаш менен эчак жуулган болчу, бала жылмайганда атасынын башына талаадай жылдыз түшкөндөй болуп кубанды, бүткөн бою эриген коргошундай балкыды. Эмне кыларын ойлогон жок, ымдалышкан сакалын баланын бетине басып кучактай жыгылып, өпкөлөп жиберди. Бала чукуранса да ойгонгон жок, Айтке эки алаканың баласынын эки жаагына басып: – Айланайын Жапарым, кагылайын кулунум, менин талапайым, медерим, жакшыман калган керезим, – деп бети-башынан көйнөк-көчкөнүнө чейин өпкүлөдү. Жапар көзүн ушалап күлүп ойгонду. Айткенин моокуму канган жок. Жапарын бооруна кысып кобурай берди. – Сенсиз менин күнүм жок, сен киши болор бекенсиң? Кетпейсиңби? Карачы, түш ооп кетти, кардың артыбы? Тыт терип берейинби? – деп койду да, баласынын сыйрык бетине, тумшугунун учунан өптү. Жапар чочугач эмедей атасын карады: – Чакалык чуу экен, – деп атасынын сакалын кармалады. – Ооба, суу, – деди Айтке сакалын сылап. Үнү каргылданып, көзү жашка төло түштү. Жапар атасынын ыйлаганын биле койду да, төмөн карап ойлонгондой болду. – Эмне, айланайын, эмне төмөн карайсың, мен сакалымды сууга жууп келдим, сенин кардың артыбы? – Чок, и, кайдым ачкан чок, – деди Жапар, – атасынын сакалындагы сылап. Жапар энесине айрылгандын элес-булас бодолголойт: анын үстүнө атасынан дайыма угуп жүргөндүктөн энесинин элеси тирилүүдөй сезилет, ал азыр эле келип эркелетип, тамак берчүдөй умутун убайт. Бала энесинин өлгөнүн, анын көмүлгөнүн, атасынын [неразборчиво] анын, кичинекей колу менен энесине салган бир ууч топура-
Кыскача мааниси. «Мезгил учат» повестинен алынган бул үзүндүдө Айтке менен кичинекей уулу Жапардын оор, бирок мээримдүү жашоосу берилет. Бала уйкусунан чочуп, ыйлап ойгонат; атасы аны кучактап, эркелетип, тынчытат. Бала энесин сагынып, анын тирүүдөй элесин элестетет. Атасы болсо өз ыйын жашырып, баласына камкордук кылат.
Негизги ой. Бул үзүндүнүн борборунда ата менен баланын сүйүүсү, жалгыздык жана эне жоготуу кайгысы турат. Оор турмушка карабастан атасы баласын таштабай, ага мээрим көрсөтөт. «Мезгил учат» дегендей, турмуштун кыйынчылыктары адамды үйрөтөт, чыңдайт.
Тексттен көрүнүштөр:
- Атасы баласын «Жапарым, кулунум...» деп эркелетип, бети-башынан өпкүлөйт.
- Бала жылмайганда атасынын кубанычы «башына талаадай жылдыз түшкөндөй» деп берилет.
- Бала энесинин өлгөнүн, көмүлгөнүн билсе да, аны «азыр эле келип эркелетип, тамак берчүдөй» сезет.
- Айтке өзүн күнөөкөр сезип, кечирим сурайт — бул анын ички оор абалын көрсөтөт.
Көркөм өзгөчөлүгү. Мээрим менен кайгы аралаш берилген. «Талаадай жылдыз түшкөндөй», «эриген коргошундай» деген салыштыруулар сезимди күчөтөт. Үзүндү психологиялык, лирикалык мүнөздө.
Жыйынтык. Бул текст ата-баланын сүйүүсүн, энесин сагынган баланын таза сезимин жана кайгыга туруштук берүүнү көрсөтөт. Текстти түшүнүү үчүн каармандарды, окуяны, сезимди жана автор айткысы келген негизги ойду ажыратып караса болот.