Сверь числа и знаки с фото.
Кыргыз тили ТЕСТКЕ ЖООП БЕРГИЛЕ
Сүйлөм мүчөлөрү канчага бөлүнөт? а) 2; б) 3; в) 4; г) 5
Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү. а) аныктооч, толуктооч, бышыктооч б) ээ, баяндооч в) зат атооч, сын атооч г) баяндооч, жандооч, тактооч
Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. а) аныктооч, толуктооч, бышыктооч б) ээ, баяндооч в) зат атооч, сын атооч г) баяндооч, жандооч, тактооч
Бир өңчөй мүчөлөрдү тапкыла. Төрт-Күл суу сактагычы жүздөгөн гектар айдоо аянттарды, өрүктүү чарбактарды, жүзүм талааларын сугарат. а) айдоо аянттарды, өрүктүү чарбактарды, жүзүм талааларын б) Төрт-Күл, сугарат, суу сактагычы в) жүзүм талааларын, жүздөгөн гектар, сугарат г) суу сактагычы, айдоо, чарбактарды
Бир өңчөй толуктоочтор кайсы жөндөмөдө турат? Шаардыктар автобуска, троллейбуска же таксиге түшүп жол жүрүшөт. а) атооч жөндөмөдө б) табыш жөндөмөдө в) барыш жөндөмөдө г) чыгыш жөндөмөдө
Жооптор:
1 — г) 5 (ээ, баяндооч, аныктооч, толуктооч, бышыктооч) 2 — б) ээ, баяндооч 3 — а) аныктооч, толуктооч, бышыктооч 4 — а) айдоо аянттарды, өрүктүү чарбактарды, жүзүм талааларын (үчөө тең толуктооч) 5 — в) барыш жөндөмөдө (автобуска, троллейбуска, таксиге)