Сверь числа и знаки с фото.
§ 11. Чыгыш Жер Ортолук деңизи эллинизм доорунда
Македониянын өнүгүп-өсүшү. Элладаны багындыруу. Грекиянын түндүк-чыгыш жагында македон уруулары жашаган. Македония эки бөлүккө: деңизге жээктеги Төмөнкү Македония жана тоолуу Жогорку Македонияга бөлүнгөн. Төмөнкү Македониянын жаратылышы дыйканчылыктын өнүгүшүнө, ал эми жайыттуу Жогорку Македония мал өстүрүүгө ыңгайлуу болгон. Македония токойго жана пайдалуу кендерге бай келген. Күмүш жана алтын кендери байыртадан эле белгилүү болгон. Б. з. ч. IV к. ортосунда Македония күчтүү кул ээлөөчүлүк мамлекет эле. Бул өлкөгө грек маданияты бир кыйла таасир тийгизген. Македондор грек жазуусун колдонушкан. Македонияда б. з. ч. IV к. ортосуна чейин шаар болгон эмес.
Македония б. з. ч. VI к. бир нече облустарга бөлүнүп, алардын өз алдынча падышалары болгон. Облустарды македондуктардан турган аристократтар кеңеши жана элдик чогулуш башкарган. Б. з. ч. V к. саясий борбордоштурууга умтулуу күчөгөн. Ал падыша бийлиги менен атактуулардын ортосундагы айыгышкан кагылыштар менен коштолгон. Бул процесс акырында македондук монархиянын түзүлүшүнө алып келген.
Монархиялык түзүлүштү орнотууга алгачкы кадамды падыша Александр I (б. з. ч. 495–450-жж.) жасаган. Ал бүткүл Төмөнкү Македонияны бириктирүүгө жана өлкөнүн тоолуу бөлүгүндөгү падышалыктарды жарым-жартылай көз карандылыкта кармоого жетишкен. Грек-перс согуштарынын мезгилинде Македония кыска убакта перстерге баш ийүүгө аргасыз болгон, бирок көп өтпөй эле көз карандысыздыкка жетишкен. Александр Iнин тушунда Македония менен грек шаарларынын ортосунда экономикалык жана маданий тыгыз байланыш түзүлгөндүгүн Александр Iнин Филэллин («эллиндердин досу») атка конгондугу далилдеп турат. Б. з. ч. V к. акыркы чейрегинде падыша Архелайдын (б. з. ч. 413–399-жж.) ту
кору топтолгон. Бул алтын жана күмүш тыйындар жүгүртүлүүчү акча системасын киргизүүнү шарттаган. Финансылык реформа сооданын өнүгүшүн коштогон. Акча каражаттарынын топтолушу, Македониянын армиясынын согуштук ийгиликтери үчүн бир кыйла роль ойногон. Күчтүү армиянын түзүлүшү жана акча каражаттарынын топтолушу Филиппке агрессивдүү саясат жүргүзүүгө мүмкүндүк берген. Анын негизги максаты деңизге чыгуу эле. Ушул кезге чейин Македониянын бир дагы жакшы порту болгон эмес. Деңизге эркин чыгуу ал үчүн сооданын жана экспансиялык тышкы саясаттын негизги шарты болгон. Ошентип, б. з. ч. IV к. ортосунда кубаттуу Македония монархиясы түзүлгөн.
Арийне, Филипп IIнин агрессивдүү аракеттери бүткүл Грекияны кооптонткон. Баарынан мурда Халкидикинин шаарларын тынчсыздандырган. Македониянын андан аркы ийгиликтеринен чочулаган Халкидикинин шаарлары, анын ичинде негизги шаары Олинф, Афины менен жакындашкан жана чечүүчү күрөшкө даярдана баштаган.
Б. з. ч. 349-ж. Македониянын аскерлери Олинф шаарын көздөй бет алат. Афинылык демократиянын башчысы жана атактуу чечен Демосфен эл чогулушунда Филипп IIге каршы чечкиндүү күрөшкө чакырган. Эгерде адегенде эле Филиппке каршы катуу сокку урулбаса, ал жакын арада бүткүл Грекияны каратып аларын Демосфен түшүнгөн. Демосфендин чакырыгын демократиялык маанайдагы башка шаарлардын калкы да колдогон. Бирок Демосфенге каршы чыккандардын саны Афинынын өзүндө көп болгон. Алар грек шаарлары кимдин кол алдында болсо да биригип, өзүнүн эзелки душманы Персия дөөлөтүнө каршы чыгышы керек деп ойлошкон. Чыгыш жерлерин багынтуу грек соодасынын жана кол өнөрчүлүгүнүн жогорулашына кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат дешкен. Ал үчүн Македонияга кошулууну, Филиппке баш ийүүнү каалашкан. Демосфен болсо Филипп менен эмес, Филиппке каршы биригүүнү талап кылган.
Македониянын падышасы Филипп II афинылыктар менен фивиялыктардын Македонияга өз ыктыяры менен баш ийишин талап кылып, перстерге каршы күрөшкө үндөгөн. Мындай шартта грек шаарлары каршы чыккан. Македонияга каршы
[Рисунок: портрет Демосфена; подпись «Демосфен».]
грек полистеринин коалициясы түзүлгөн. Ага ири шаар-мамлекеттер Коринф, Мегара, Афины, Фивы кирген.
Б. з. ч. 338-ж. Херония шаарынын жанында Филипп IIнин аскерлери менен чечүүчү салгылаш болгон. Демосфен афинылыктар тарабында карапайым жоокер катары салгылашкан. Айыгышкан салгылаш узакка созулуп, Македониянын мыкты уюштурулган жана куралданган армиясы жеңишке ээ болгон.
Македониянын жеңиши б. з. ч. 337-ж. Коринф конгрессинде бекемделген. Бул конгресске Спартадан башка бардык грек мамлекеттери катышкан. Конгрессте гректер арасындагы согушка тыюу салынган жана жалпы тынчтык декларацияланган, деңизде эркин сүзүү жарыяланган. Конгресстин чечими менен мүлктү конфискациялоого, жерди кайра бөлүүгө, карызды жоюуга жана саясий төңкөрүшкө пайдалануу максатында кулдарды эркиндикке чыгарууга тыюу салынган. Грек мамлекеттеринин көз карандысыздыгы салтанаттуу жарыяланган. Акырында Персияга каршы күрөшкө чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Александрдын чыгышка карай жортуулдары. Филипп II Коринф конгрессинен кийин тез эле Персия менен согушууга даярдана баштаган. Кол башчылар Аттала менен Пармениондун аскерлерин Кичи Азияга жөнөткөн. Македониялыктар жана гректер ал жактан түшүмдүү жерлерге, көп кулдарга ээ болобуз жана Персия падышаларынын сансыз көп байлыктарын басып алабыз деп ойлошкон. Филипп IIнин аскерлеринде кызмат өтөө жакындагы гректердин бирден-бир жан багуу жолу болгон.
Б. з. ч. 336-ж. жортуулга даярдык жүрүп жаткан кезде Филипп кызынын үйлөнүү тою болуп жаткан учурда өлтүрүлгөн. Анын себеби белгисиз бойдон калган. Филипптин жыйырма жашар уулу Александр (б. з. ч. 356–323-жж.) Македониянын падышасы болуп такка отурат. Кайраттуу, эр жүрөк жана ачуусу чукул Александр укмуштуудай жөндөмдүү болгон жана мыкты билим алган; 13 жашынан грек философу Аристотелден таалим-тарбия алган. Согуш өнөрүн атасынан үйрөнгөн. Чыгыш элдери аны кийин ал чыгарган тыйындардагы кош мүйүздүү туулгасына карап «ал-Искендер Зул-Карнайн» – «Кош мүйүздүү Искендер» деп аташкан.
Ошентип, Александр Македонский адегенде ал Дунайдын жээгинде фракиялыктардын Македонияга каршы кыймылын басат. Андан кийин Македониядан бөлүнүп чыгабыз деген Фивы, Афины ж. б. грек мамлекеттеринин оппозициячыл
шунда Македония бир кыйла чыңдалган. Чептер жана жолдор курулган, аскердик жана акча реформалары жүргүзүлгөн. Маданият тармагы өнүккөн. Падыша Архелай өлтүрүлгөндөн кийин Македонияда саясий күрөш курчуп, өлкө бир кыйла начарлаган.
Македониянын убактылуу төмөндөө мезгили Филипп IIнин (б. з. ч. 359–336-жж.) падышалык такка келген учурга тууш келген. Филипп II өз доорунун белгилүү саясий жана аскер ишмери болгон. Ал башкарган жылдарда Македония Балкан жарым аралындагы ири мамлекетке айланган. Аристократиялык кеңеш – гетерлердин кеңеши (падышанын «жолдоштору») жана элдик чогулуш падыша бийлигине биротоло баш ийдирилген. Жогорку Македониянын жарым көз карандысыздыгын жоюу менен, Филипп уруу атактууларына катуу сокку урган.
[Рисунок: портрет Филиппа II; подпись «Филипп II».]
Мында ал өзүнө жакын аристократтарга жана шаарларгадагы кол өнөрчүлөр катмары менен оокаттуу дыйкандарга таянган. Филипп II бир катар реформаларды жүргүзгөн. Алардын негизгиси аскердик реформа болгон. Македон армиясынын өзөгүн эркин дыйкандар кызмат өтөгөн оор куралчан жөө аскерлер түзгөн. Филипп 16 жана андан көп катарда тизилген атактуу македондук фаланганы түзгөн. Жоокерлер 5 м узундуктагы македондук өзгөчө найзалар – сариссалар менен куралданышкан. Биринчи катардагы жоокерлерде бир кыйла кыска найзалар болгон, бирок фалангалардын катарларынын улам тереңдеши менен сариссалар узун боло баштаган. Акыркы катардагы фалангачылардын сариссалары алдыда тургандардын ийиндерине коюлган. Натыйжада тизилген фаланганын алдында найзалардын токой пайда болгон. Мындай куралдануу фаланганы бир бүтүндүккө айландырып, аскерлердин кайра тизилүүсүн, кыймыл-аракетин кыйындаткан. Ошондуктан фалангалардын эки капталына жеңил куралданган жоокерлер жайгаштырылган. Оор атчандарды аристократтардан түзгөн. Македониянын армиясы камалоого алуучу техникалар менен жакшы жабдылган. Алардын ичинде катапульталар, тарандар, камалоодо керектелүүчү мунаралар ж. б. болгон.
Б. з. ч. IV к. 50-жж. Македония Пангай тоосундагы алтын чыккан жерлерин басып алган. Филипптин колуна алтындын
кыймылына катуу сокку урат (334-ж.). Тактыга отургандан кийин панэллин союзун жана бириккен грек-македон аскерлерин түзөт. Александрдын негизги максаты Персия мамлекетин талкалоо жана жаңы жерлерди басып алуу болгон. Б. з. ч. 334-ж. Александрдын аскерлери Геллеспонт кысыгынан өтүп, Персияга согуш ачып, май айында перс армиясын талкалайт. 333-ж. күзүндө Иссанын жанында Персия падышасы Дарий IIIнүн аскер күчүн талкалап, Кичи Азияны ээлейт. 332–331-жж. Египетти басып алат. 331-ж. октябрда Месопотамиядагы Гавгамелдин жанында перс аскерлерин жеңип, Вавилон, Сузы, Персеполь, Экбатану шаарларын каратат. Дарий III өлгөн соң, Александр өзүн Персияга падыша деп жарыялап, чыгыш монархы, эбегейсиз зор Грек-македон-перс мамлекетинин башчысы болуп калат. 329-ж. Орто Азияга басып кирип, Марканды (Самарканды) багындырып, Сыр-Дарыянын жээгин турактоочу элдерге кол салат. Грек-македон аскерлерине каршы ал жерде Спитамен башында турган жигердүү элдердин көтөрүлүшү (б. з. ч. 329–327-жж.) башталып, өзгөчө сак уруулары катуу каршылык көрсөткөн.
[Рисунок: портрет Александра; подпись «Александр I».]
Б. з. ч. 329-ж. Яксарт (Сыр-Дарыя) суусунун жээгинде грек-македон аскерлери менен сактардын ортосунда айыгышкан салгылаш болот. Бул кармашта сактардын 1000ге жакын аскери, ал эми грек-македондуктардын 160тай адамы набыт болуп, миңге жакыны жарадар болгон. Натыйжада сактар жеңилип, артка чегинишет. Чегинген аскерлерди кууп, Александр азыркы Кыргызстандын аймагындагы Кожо-Бакырган-Сайга (Баткен облусу) чейин келген. Алардын андан ары жылышына согушчан көчмөндөр жол берген эмес. Ал кезде көчмөндөр гректерден кем калбастан куралданып, атчан чабуул коюу ыкмасын мыкты билишкен. Александр Сыр-Дарыянын жээгинде (азыркы Кожент менен Бекабаддын ортосунда) «Александрия Эсхата» («Четки Искендерия») деген шаарды курууга киришет. Ал адегенде 20 күндүн ичинде узундугу 10 км созулган чеп, андан кийин он жети күндүн ичинде турак жайларды курурат. Ошол эле мезгилде бактриялык Роксана аттуу кызга үйлөнөт. Александр Македонскийдин доорунда жаңы курулган шаарлардын көпчүлүгү Александрия деп атал-
Төмөндө § 11 боюнча кыскача конспект, аны түзүүнүн принциби жана өзүңдү текшерүү үчүн белгилер бар.
§ 11. Чыгыш Жер Ортолук деңизи эллинизм доорунда
1. Македониянын өнүгүшү
- Грекиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Эки бөлүк: деңиз жээгиндеги Төмөнкү Македония (дыйканчылык) жана тоолуу Жогорку Македония (мал чарбачылык).
- Токойго, күмүш жана алтын кендерине бай. Б. з. ч. IV к. ортосунда кул ээлөөчү мамлекет; грек маданиятынын жана жазуусунун таасири байкалат.
- Александр I (б. з. ч. 495–450) Төмөнкү Македонияны бириктирип, тоолуу аймактарды жарым көз карандылыкта кармаган. Архелай (413–399) тушунда чептер, жолдор курулуп, аскердик жана акча реформалары жүргүзүлгөн.
2. Филипп II (359–336) жана Македониянын күчөшү
- Борбордук бийликти чыңдап, аристократиялык кеңешти жана элдик чогулушту падышага баш ийдирген.
- Аскер реформасы: фаланга (16 жана андан көп катар), 5 м сарисса найзалары, жеңил жана оор атчандар, катапульта, таран, камалоо мунаралары.
- Пангай тоосундагы алтын чыккан жерлерди басып алып, акча системасын киргизген; соода өнүккөн. Негизги максат — деңизге чыгуу.
3. Грецияны багындыруу
- 349-ж. Олинфке жортуул; Демосфен Филиппке каршы күрөшкө чакырган.
- 338-ж. Херония салгылашы — македон армиясы жеңген.
- 337-ж. Коринф конгресси: жалпы тынчтык, деңизде эркин сүзүү; кулдарды бошотууга, мүлктү конфискациялоого, карызды жоюуга тыюу; Персияга каршы жортуул чечими. Спарта катышкан эмес.
4. Александр Македонскийдин жортуулдары
- 336-ж. Филипп өлтүрүлгөн; такка 20 жашар Александр (356–323) отурган. Аристотелден таалим алган; чыгыш элдери «Зул-Карнайн» («Кош мүйүздүү Искендер») деп аташкан.
- 334-ж. Геллеспонттон өтүп, Персияга согуш ачкан; 333-ж. Иссада Дарий IIIнүн аскерин талкалаган; 332–331-жж. Египетти багындырган; 331-ж. Гавгамелде жеңип, Вавилон, Сузы, Персеполь, Экбатананы алган. Персия падышасы болуп жарыяланган.
- 329-ж. Орто Азияга кирип, Маркандыны (Самарканды) багындырган; Спитамендин жетекчилигиндеги көтөрүлүш (329–327); сактар менен Яксартта (Сыр-Дарыя) салгылаш; Кожо-Бакырган-Сайга чейин жеткен.
- Александрия Эсхата шаарын курган (20 күндө 10 км чеп, 17 күндө турак жайлар); бактриялык Роксанага үйлөнгөн.
5. Жыйынтык
- Македония Грецияны багындырып, Александрдын жортуулдары менен зор грек-македон державасы түзүлгөн. Жаңы шаарлар (Александриялар) курулуп, грек-македон маданияты Чыгышка тараган. Бул эллинизм доорунун башталышы болгон.
Кантип түшүнүү керек
Конспект — текстти көчүрүү эмес, негизги ойлорду кыскача жазуу. Иш тартиби:
- Параграфтын аталышын окуп, канча бөлүккө бөлүнөрүн аныкта.
- Ар бир бөлүктөн дата, ат, термин, себеп жана натыйжаны тап.
- Узун абзацты 1–2 пунктка айландыр; өз сөзүң менен жаз.
- Даталарды өсүү тартибинде тиз, картадан жерлерди белгиле.
- Конспектти баштапкы текст менен салыштырып, маанилүү фактыны өткөрүп жибербегенин текшер.
Текшерүү: 338, 337, 334, 331 жана 329-жылдардагы окуяларды текст менен салыштыр.