Сверь числа и знаки с фото.
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ Орхон, Энесай, Күлтегин тарыхы
[Рисунок: чёрно-белое изображение древней каменной стелы с надписью]
Кыргыздар байыртадан бери өчпөбөй атын сактап, тарыхта изин калтырып кеткен элдердин биринен. Илимге белгилүү маалыматтарга таянсак Кытай тарыхчысы Сым Цяндын «Тарых жазуулары» деген эмгегинде гяньгун (кыргыз) деген наам менен биздин заманга чейинки II кылымдарда эле эскерет. Атагы дүйнөгө маалым (известный) чоң окумуштуу, тарыхчы, академик В. В. Бартольд «Кыргыздар» аттуу тарыхый очеркинде азыркы Борбордук Азия чөлкөмүндө жашаган элдердин арасынан жазма булактарда аты эң эрте эскертилген эл кыргыздар экендигин баса белгилейт (особо подчеркивает).
Кыргыз адабиятынын тарыхы башка түрк тилдүү калктардын көркөм сөз өнөрү сыяктуу эле VI кылымдан башталат. Анткени VI-VII кылымдарда Енисейдеги жана Орхондогу ташка чегилип жазылган эстеликтер өзүнүн мазмуну жана көркөм формалары боюнча нукура поэтикалык чыгармалардын үлгүлөрүнө жатат. Ошону менен катар бул эстеликтер – жалпы түрк тилдүү калктарга орток адабий мурас (литературное наследие). Енисейдин жана Орхондогу ташка чегилип (высеченные) жазылган эстеликтер мазмуну жана көркөмдүк формасы, жазылыш-баяндоо ыкмалары жана стили боюнча бири-бирден айырмаланат. Эгерде Енисейдин таш эсте- [обрезано]
[Рисунок: фрагмент каменного изваяния с лицом] 38
листери чакан кыска келип, керээз, жоктоо, арман жана кошок мотивдерине бай болсо, Орхон (Монголиядагы) үлгүсү тарыхый окуяларды, каармандардын иш-аракеттерин кенен чагылтып, көлөмдүү баатырдык поэманын даражасына ээ. Аталган поэтикалык жазуулардын ичинен өзүнүн сапаты, камтыган мазмуну, көркөмдүк деңгээли боюнча Күлтегин, Тонукук, Могиляндын (Билге кагандын) эстелигинде чегилген чыгармалар өзүнчө айырмаланат. Анткени баатырдык дастандын даражасына чейин иштеген, бул чыгармаларда каармандардын жеке мүнөздөрү, тилек, ой-саналары гана эмес, ошол кездеги калктын салты, ички-тышкы (внутренне-внешние) байланыштары, турмушундагы маанилүү окуялары мифологиялык, баатырдык-романтикалык, реалистик баяндоолордун айкалышында чагылдырылган.
Байыркы кыргыз алфавити (Энесай) [Таблица: 40 пронумерованных знаков древнего письма; колонки «№», «Буквы», «Произношение». Начертания древних знаков и часть подписей читаются неоднозначно [неразборчиво].]
[Рисунок: прямоугольная вставка с образцом арабской каллиграфии]
Мүрзөнүн үстүнө коюлган таштарга, айрым буюмдарга жазылган кыргыз жазуулары Енисейдин жогору жагынан, Түштүк Батыш Монголиядан жана Түштүк Сибирден табылган. Эстеликтерде баяндалган (описанные) окуялардан улам жазуулардын көбү VII кылымдардын аягына таандык экенин билсе болот. Бул Орхон-Энесай жазуулары илимде XVII кылымдын аягынан бери белгилүү болсо да, анын мааниси XIX кылымдын аягында гана чечмеленген. Академик В. В. Радлов алардын баарын которуп, 1897-жылы бастырып чыгарган. Өзүнүн мазмунуна караганда, Энесай эстеликтеринин эң эскиси – Торопа Ичкеринин урматына (в честь) коюлган бөгрө жазуусу. Бул – кыргыз элинин эң байыркы адабий текст, Бөгрө жазуусу. В. В. Радлов 648-жылга таандык деп эсептейт. Энесай жазууларын кыргыз адабиятынын башталгыч булагы катары караса болот, анткени анда көркөм адабиятка таандык каражаттар (укаштык, метафора, гипербола ж.б.) орун алган. Орхон-Энесай жазмасы ислам дининин таралышы (X-XI к.) менен акырындап, колдонулбай, унутулуп калган. Түрк тайпалары араб алфавитин колдонуп, иш кагаздарын, тарыхый документтерин, адабий чыгармаларын ж. б. жазып калтырышкан.
Түшүндүрмө сөздүк: нукура поэтикалык – настоящим поэтическим; Стиль написания относится к жанру поэзии керээз, жоктоо, арман жана кошок – завещание, песни: плач, жалоба, прощания одного жанра дастандын даражасына чейин – до уровня дастана (сказания); В этих надписях отражены соответствующие требования к сказаниям каармандардын иш-аракеттери – все действия героев; Отражались все [обрезано]
Краткий конспект
Тема: древние письменные памятники кыргызов — Орхон, Енисей, Кюль-Тегин.
- Кыргызы — один из древнейших народов, сохранивших своё имя. Китайский историк Сым Цян в «Исторических записках» упоминает «гяньгун» (кыргызов) ещё во II в. до н. э. В. В. Бартольд подчёркивает, что среди народов Центральной Азии кыргызы раньше всех упомянуты в письменных источниках.
- История кыргызской литературы начинается с VI в. На камнях Енисея и Орхона высечены памятники VI–VII вв. Это уже поэтические произведения и общее литературное наследие тюркоязычных народов.
- Енисейские надписи короткие, близкие к жанрам керээз, жоктоо, арман и кошок. Орхонские — более крупные историко-героические поэмы. Самые известные — памятники Кюль-Тегина, Тоньюкука и Бильге-кагана (Могиляна).
- В орхонских произведениях отражены исторические события, характеры героев, обычаи, внутренние и внешние связи, мифология, героико-романтические и реалистические описания.
- Надписи найдены в верховьях Енисея, на юго-западе Монголии и юге Сибири; большинство относится к концу VII в. Они известны с конца XVII в., но расшифрованы в конце XIX в. В. В. Радлов перевёл их и издал в 1897 г. В учебнике есть таблица древнего енисейского алфавита — 40 знаков.
- Самый древний енисейский памятник — «Бөгрө жазуусу»; В. В. Радлов относит его к 648 г. Это начало кыргызской литературы; в тексте есть художественные средства: сравнение, метафора, гипербола.
- С распространением ислама (X–XI вв.) орхоно-енисейское письмо постепенно вышло из употребления; тюркские племена перешли на арабский алфавит.
Вывод: орхоно-енисейские памятники — древнейшее литературное наследие кыргызов и общее достояние тюркских народов; они показывают высокий уровень поэтической культуры.
Как делать похожий конспект: определи тему → выпиши только опорные факты (даты, имена, названия) → сгруппируй их по смыслу → закончи выводом. Пересказывать каждый абзац полностью не нужно.