§18. Газдар. Газ абалынын молекулалык-кинетикалык теориясынын негизги теңдемеси
Кыскача конспект: Газ өз формасын жана көлөмүн сактабайт, идиштин формасын жана көлөмүн толук ээлейт. Газдын негизги параметрлери: масса \(m\), көлөм \(V\), басым \(p\), температура \(T\). Идеалдык газ — молекулаларынын өлчөмү жана өз ара аракеттешүүсү эсепке алынбаган газдын модели. Газдын басымы молекулалардын идиштин капталына урунуусунан пайда болот жана концентрацияга \(n\) жана температурага \(T\) түз пропорционал.
Формулалар:
\[ p=\frac{F}{S} \]
\[ n=\frac{N}{V} \]
\[ p=nkT \]
\[ p=\frac{N}{V}kT \quad \Rightarrow \quad pV=NkT \]
\[ N=\nu N_A=\frac{m}{\mu}N_A \]
\[ R=N_A k=8,31\ \frac{\text{Дж}}{\text{моль}\cdot\text{К}} \]
\[ pV=\frac{m}{\mu}RT \]
1 моль газ үчүн:
\[ pV=RT \]
Туруктуулар:
\[ k=1,38\cdot 10^{-23}\ \frac{\text{Дж}}{\text{К}}, \qquad N_A=6,02\cdot 10^{23}\ \text{моль}^{-1} \]
\[ T=t+273 \]