Сверь числа и знаки с фото.
Теодор Герцендин тарткан сүрөтү: «Манас баатыр»
[Рисунок: всадник-богатырь в доспехах с копьём и щитом на коне, на фоне скал и дерева]
Ал Курманбектин демине дем, кү- чүнө күч кошкон акылман, кайрат- туу аял заты.) талгак болот – тоскиоз (6-кл., 35-б. «Балбай баатыр» уламышынан: Балбай баатырдын энеси жолборс- тун жүрөгүнө талгак болот.) уюган кара кан – сгусток крови (8-кл., 81-б. «Манастын төрөлүшүнөн»: Он колуна кара кан Кармай тушту кап Манас). коргоочу – защитник (8-кл., 16-б. Жаңыл Мырзанын эстөө образы: Жаңыл Мырза – Нойгут уруусунан чыккан, эли-жерин коргогон баатыр кыз.) балбан – силач (6-кл., 36-б. «Кошой коргон» уламышы: Илгери Манас баатырдын тушунда кадимки катарган уруусунун ханы Кошой балбан салдырган экен.) теңдеши жок – не имеющий равного (9-кл., 4-б. Сагым- бай Орозбак уулу жөнүндө текстен: Эң жогорку таланттуулук менен, өтө көр- көм айтылгандыгы жагынан Сагымбайдын вариантына эч бир вариант теңдеше албайт... Көрүнүштөрү, ыр саптары кандай көркөм! Анын жер-сууну, табиятты сүрөттөгөнү теңдешсиз.) кабылан – леопард (7-кл., 88-б. «Эр Табылды» эпосунан: Кабыланды кайкырып, Калың жоону аралап, Качырып кирди Табылды. 8-кл., 87-б. «Манастын Таласка көчүп келиши»: Кырк үйлүү, кыргыз аз эле Кабылан Манас ээ болуп... 9-кл., 4-б. Сагымбай Орозбак уулу: Кайсы чоро таарынса, Кабылан Манас баатырдын Каратты тарта жүргөн алаты.)
Каныкейдин образы
Каныкейдин турпатына кыргыз аялдарындагы ак ниеттүүлүк, кайраттуулук, калыстык, өмүрлүк жолуна (сулуулук) берилгендик, элди, жерди сүйүү өңдүү мыкты сапаттардын бардыгы чогулткан. Каныкей – айтканга кайтпас, сөзгө бек, кыраакы, акылман, колунан коор төгүлгөн уз аял. Жомокто Каныкей:
турпат – здесь: образ ак ниеттүүлүк – честность берилгендик – преданность кыраакы – дальновидная
«Кабылан жеңең Каныкей, Зайып заттын паашасы. Кең көйнөктүн тазасы, Кара сурдун сулуусу, Адамзаттын нурдуусу».
Демек, Манасты Манас деген атакка жеткирген, «чачылганын жыйнаган, үзүлгөнүн улаган» – Каныкей. Ал – сүйүктүү жар, камкор эне. Негизги касиеттери – айлакерлик, акылмандык, кечиримдүүлүк, чыдамкайлык. Тажик каны Темиркандын кызы Санирабига өзүнүн адамдык, айкөлдүк мыкты сапаттары менен эл оозунда Каныкей деген атка конок. Алдын-ала көрө билген даанышман Каныкей Манас чоң казатка аттанар алдында, мунун арты жамандык менен бүтө турганын билет да, Манаска эскертөт. Аялдан чыккан чебер, уз Каныкей айкөлүнө жоо кийимдерин, курал-жарактардын [неразборчиво] камдап берет. Манас чоң казаттан жарадар болуп кайтканда, Каныкей Муз-Жайлоого көчүп Манастын шилисинген жарасына дары жаап, айыктырат. Манас айыгып, кайра Таласка келип, эл башкарып турат. Алмамбеттин сөзүн жүктөгөн Сарала келип, сөөктү Ат-Башыдагы Чеч-Дөбөгө коюшат. Досу Алмамбет айтылганына капаланган Манас зил кусуп, эси ооп жыгылат. Көрсө, Кочурбайдын найзасы тийген белиндеги жарасынын оозу бүтүн калгандыктан Каныкейге айткан эмес экен. Жаранын оозу айыгып, нары жагы сөөктү чиритип жиберген экен. Эл менен, баатырлар менен, Каныкей менен коштошуп, Манас көз жумат. Манастын керээзин аткарып, Каныкей «бир адамга билгизбей, бир адамга туйгузбай» айкөлдүн сөөгүн Эчкиликтин кара зоосуна жашырат. Мурдатан салдырган күмбөзгө теректен чабылган кепи көмөт. Семетейди тарбиялап өстүрүү үчүн атасы Темиркандын шаарына кайыненеси Чыйырды менен Семетейди алып, ички душмандардан качып кетет. Каныкей Семетейди Манастан кем эмес эр жүрөк кылып чоңойтуп, атасы Манастын жоо жарагын, минген атын сактап жүрөт. Баласы эр жеткенде ага атасы Манас, жери Талас экенин айтып, эл-жерине алып келет. Каныкейдин образы – эпостун үч бөлүгүндө тең кездешкен, Манаска, Семетейге, Сейтекке жардам берген, элдин [обрезано]
колунан коор төгүлгөн уз – рукодель- ница, искусница зайып заттын паашасы – цари- ца женщин кең көйнөктүн тазасы – здесь: истинная аристократка кара сурдун сулуусу – смуглая кра- савица адамзаттын нурдуусу – лучезар- ная из людей атак – слава
шили – шейное сухожилие зил – болезнь, проходящая вглубь, поражающая из- нутри зил кусуп – вырвать зеленью, желчью жарасынын оозу бүтүп – затяну- лась поверхность раны бир адамга билгизбей, бир адам- га туйгузбай – в полном секрете, не дав никому догадаться теректен чабылган кепи – форма, вырубленная из тополя
эркиндиги жана биримдиги үчүн күрөшкөн чыныгы патриот аялдын жаркын образы. Эстегиле! Тааныш сөздөр: кайраттуу – решительный, энергичный (8-кл., 10-б. «Курманбек». Эпостогу каармандардын образдары: Курманбектин демине дем, күчүнө күч кошкон акылман, кайраттуу аял заты.) Канышай. Ал Курманбек үчүн күйүп-бышып, кайгырат.) даанышман – мудрый, мудрец (9-кл., 19-б. Манастын образы: Ошол үчүн эл аялдан келечекти коргоочун, чабылган кыргыздарды чогултуучу заматты күтөт, «айкөл, кең жал, даанышман, эр Манас» деп атайт.)
Тапшырмалар:
- 20-беттеги Теодор Герцендин тарткан сүрөтү боюнча Манас баатырды сүрөттөп бергиле.
- Мурунку класстарда окуган «Манас» эпосу жөнүндө билгениңерди эстегиле. 7-класстын «Кыргыз адабияты» окуу китебинде берилген үзүндүдө эр Манастын келбети, күч-кубаты кандай сүрөттөлгөнүн түшүндүрүп бергиле: Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй, Асман менен жердин Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айың менен күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй, Алды калың кара жер Жердигинен түткөндөй!
- Манастын кандай эрдиктери, кайсы сапаттары эл-журтун бириктирип, эркиндик үчүн күрөшүүдө маанилүү деп эсептейсиңер?
- Окуган үзүндүлөрдүн ичинен бир үзүндү тандап, жаттагыла.
- Каныкейдин эң негизги касиеттерин атагыла. Ал касиеттерди эпосто кайсы учурда бааланат? Өз оюңарды иш дептериңерге жазыгыла.
- Каныкейдин образы кандай образ? Аны сүрөттөп айтып бергиле. Бул жөнүндө кластер түзгүлө.
«Манастын» идеялык мазмуну Эпостогу негизги идея – Ата Мекенди коргоо, мурда чабылып-чачылган урууларды бириктирүү, элдин эркиндиги, тынчтыгын улуттоо, душмандарга өз кезинде сокку уруу. Жомокто баатырдык эрдик жана эли-жерин сүйүү өтө бийик кадырланат. «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде», «Жатып өлгөнчө, атып өл», «Эр жигит үйдө туулат, жоодо өлөт» деген макалдар эл арасында жашап келет. Чыгарма элдин көз каранды болбостугу үчүн Манас, Алмамбет, Чубак өңдүү баатырлар, Бакай, Кошойдой адилет акылмандар болуу...
чабылып-чачылган – разрозненные өз кезинде – своевременно сокку уруу – нанести удар кадырланат – ценится жоо бетинде – перед лицом врага көз каранды болбостугу үчүн – за независимость
керектигин далилдейт. Баатырдын кырк чоросу да Манасты согушта жеңиштерге жеткирген, эрдиктери менен баатырдын эрдигин камсыздан турушкан. Манас көп учурда Кошой балбанга, Бакай акылманга таянып иш кылат. Алтайдан кыргыздарды көчүрүп келип, Ала-Тоону душмандардан бошотуп, бүт элди бириктирүүдө Манас баатыр өзүнүн жанындагы акылман Бакайга, ал Кошойго ишенет. Кошой – эпостогу баардык каармандардан улуу адам. Ал көптү көргөн, акылман, кыраакы (дальновидный) жана балбан адам болгондуктан, Манас баш болуп анын айтканына көнүшөт (соглашаются). Көкөтөйдүн ашында калмактардын «мас болгон пилдей чамынган» балбаны Жолой менен күрөшкө эч ким каршы чыкпай, сексендеги Кошой намысa турат да, Жолой менен күрөшөт, Жолойду жеңет. Кошойдун образы – элдин башын кошкон, туура жолго баштаган, терең акылман карыянын, теңдеши жок балбандын образы, эл туткасы. Бакай – акылмандыктын, калыстыктын, кең пейилдин үлгүсү. Чоң казатка чыгарда Манас чоролору менен кеңешип, алгач Бакайды кол башчы кылып дайындайт. Жолго чыкканда Алмамбет аскердин жүрүшүнө, тартибине нааразы (недоволен) болот. Аскердик тартипти чындоо керек, болбосо Кытайга барчу жол узак, ийгилик болбойт дейт. Манас эми кол башчылыкты Бакайдан Алмамбетке тапшырат. Муну Бакайга Серек менен Ажыбай: «Манас сизге кечээ берген кандыкты кайта алып салды», – деп айтып барышат. Кең пейил Бакай: «Алмамбет баатырды баламдан жакын көрөмүн. Аскерин башкарсын, барып айткыла», – деп каткырып күлүп жооп берет. Бакайдын аталык мээрими күчтүү болот. Ал Манас үчүн бир тууган ага, кандай согуштарда жоокер, тиричиликте насаатчы (наставник) болгон туруктуу каарман. Манас өзүнүн чоролору, жакын достору, насаатчылары менен кыргыз мамлекетин түзөт, чыңдайт. Анын ишин уулу Семетей улантат. Атасынын өчүн Коңурбайдан алып, душмандарды жеңип, ички душмандардан элин бошотуп, адилет кан болот. Семетейдин жолун улантып, Сейтек баатыр эл биримдигин сактайт. Ыдыраган кыргыз урууларын ыкымга келтирип, ата-бабасынын көтөргөн идеясын сактоо үчүн бүт өмүрүн арнайт. Ошентип, элдин эркиндиги үчүн күрөшүү идеясы эпостун үч бөлүгүндө тең терең мааниге ээ. Жаңы сөздөр: тутка – опора ыдыраган – разложенный, рассеянный в разные стороны Эстегиле! Тааныш сөздөр: балбан – силач (9-кл., 20-б. Манастын образы: Манас балбан гана эмес, иштин ыгын билген акылман, калыс, көпчүлүктүн күчүнө ишенген, чынчыл, адамгерчиликти сүйгөн боорукер адам.)
Краткий конспект: эпос «Манас»
- «Манас» — кыргызский героический эпос в трёх частях: «Манас», «Семетей», «Сейтек».
- Главная идея — защита Родины, объединение разрозненных племён, борьба за свободу и мир; прославляются героизм, любовь к народу и родной земле.
- Манас — богатырь, мудрый полководец и правитель, объединивший кыргызов; ему помогают сорок чоро, Бакай и Кошой.
- Каныкей — жена Манаса, дочь Темиркана; умная, дальновидная, верная и заботливая мать. Она предупреждает Манаса об опасности, лечит его раны, после его смерти прячет тело и воспитывает Семетея.
- Бакай — мудрый, справедливый и великодушный советник; Кошой — старый богатырь-силач, опытный и мудрый.
- Семетей и Сейтек продолжают дело Манаса: борются с врагами и сохраняют единство народа.
- Вывод: эпос утверждает патриотизм, единство, справедливость и свободу.