§ 10 (кыргызча кыскача конспект)
Эукариоттук клетканын негизги органоиддери:
- Ядро — тукум куучулук маалыматты (ДНК) сактайт, клетканы башкарат.
- Цитоплазма — органоиддерди бириктирген чөйрө.
- Мембрана — клетканы сырттан коргойт, зат алмашууну жөнгө салат.
- Митохондрия — энергия (АТФ) өндүрөт.
- Пластиддер (өсүмдүктөрдө) — хлоропласт фотосинтез жүргүзөт.
- Эндоплазмалык тор — заттарды ташыйт жана синтездейт.
- Гольджи комплекси — заттарды иштетин, ташыйт.
- Лизосома — заттарды ажыратат.
- Рибосома — белок синтездейт.
- Вакуоль — клетка ичиндеги суюктукту сактайт.
Органоиддердин өз ара аракеттешүүсү: Ядро → рибосома (белок синтези) → эндоплазмалык тор → Гольджи → клетка мембранасы. Митохондрия бардык процесстерди энергия менен камсыз кылат; лизосома эски заттарды ажыратат. Ошентип органоиддер бири-бири менен байланышып, клетка бир бүтүн система катары иштейт.