Сверь числа и знаки с фото.
КӨНҮГҮҮЛӨР
Эгер: а) a₁=5, a₂=15; б) a₃=8, a₅=2 болсо, анда арифметикалык прогрессиянын алгачкы беш мүчөсүн тапкыла.
Эгер: а) a₈=126, a₁₀=146; б) a₈=-64, a₁₀=-50 болсо, анда арифметикалык прогрессиянын төртүнчү мүчөсүн жана айырмасын тапкыла.
Эгер: а) a₁₈=28, a₂₀=38; б) a₈=-6, a₂₀=6 болсо, анда арифметикалык прогрессиянын он тогузунчу жана биринчи мүчөсүн тапкыла.
Үч бурчтуктун ички бурчтарынын градустук чени прогрессиянын удаалаш үч мүчөсү болуп эсептелет. Бул мүчөлөрдүн ортонкусун тапкыла.
-5 жана 1 сандарынын арасына арифметикалык прогрессиянын удаалаш төрт мүчөсү келип чыга тургандай эки санды коюп чыккыла.
-5 жана 1 сандарынын арасына арифметикалык прогрессиянын удаалаш беш мүчөсү келип чыга тургандай үч санды коюп чыккыла.
-5 жана 1 сандарынын арасына арифметикалык прогрессиянын удаалаш алты мүчөсү келип чыга тургандай төрт санды коюп чыккыла.
a жана b сандарынын арасына арифметикалык прогрессиянын удаалаш төрт мүчөсү келип чыга тургандай эки санды коюп чыккыла.
27. \(a_{10}=a_8+2d\), \(a_4=a_8-4d\).
а) \(a_8=126,\ a_{10}=146\): \[2d=146-126=20,\quad d=10;\qquad a_4=126-4\cdot10=86.\]
б) \(a_8=-64,\ a_{10}=-50\): \[2d=-50-(-64)=14,\quad d=7;\qquad a_4=-64-4\cdot7=-92.\]