Задача Задача №3850559
А
А
Сверь числа и знаки с фото.
- Аэродромдон бир убакытта бири батышты көздөй, ал эми экинчиси түштүктү көздөй эки самолет учу. Эки сааттан кийин эки самолеттун арасындагы аралык 2000 км болду. Биринчи самолеттун ылдамдыгы экинчи самолеттун ылдамдыгынын 75% ине барабар. Ал самолеттордун ылдамдыктарын тапкыла.
- Катер эки саатта дарыянын агымы менен карама-каршы 20 км сүздү. Эгерде катердин өзүнүн ылдамдыгы 20 км/саат болсо, дарыянын агымынын ылдамдыгын тапкыла.
- А жана В станцияларынын арасындагы аралык 120 км. Түнкү саат 12де А дан В ны көздөй биринчи поезд жөнөдү. Ошол эле түнү түнкү саат 3тө ылдамдыгы биринчи поезддин ылдамдыгынан 10 км/саат ка көп болгон, экинчи поезд А дан В ны көздөй жөнөдү. Экинчи поезд В станциясына биринчи поезд келгенден кийин 2 сааттан кийин келди. Экинчи поезд В станциясына саат канчада келди?
- Шаардын калкынын саны 2 жылда 20000ден 22050гө өстү. Бул шаардын калкынын орточо жылдык өсүү процентнн тапкыла.
- Тик бурчтуктун периметри 80 см ге барабар. Эгерде тик бурчтуктун негизин 8 см ге, ал эми бийиктигин 2 см ге чоңойтсок, анда тик бурчтуктун аянты бир жарым эсе чоңоёт. Тик бурчтуктун жактары кандай узундукта?
- Эки сандын суммасы 12ге барабар, ал эми алардын көбөйтүндүсү 35ке барабар. Ал сандарды тапкыла.
- Бир сан экинчи сандан 7ге чон, ал эми алардын көбөйтүндүсү (-12)ге барабар. Ал сандарды тапкыла.
- Тик бурчтуктун жактарынын бири экинчисинен 14 см ге чон. Эгерде тик бурчтуктун диагоналы 26 см ге барабар болсо, анын жактарын тапкыла.
- Аянты 2400 м² болгон тик бурчтук формасындагы жер участогу, узундугу 200 м болгон тосмо менен тосулган. Бул участоктун узунун жана туурасын тапкыла.
На фото несколько заданий (с 23 по 31), но не указано, какое именно нужно решить. Пожалуйста, напиши номер задачи, и я подробно объясню её решение.