Задача Задача №3857777
А
А
Сверь числа и знаки с фото.
- Эгерде 180 г сууга 20 г кайнатма туз эритсек, эритменин проценттик концентрациясы канчага барабар болот?
- 10%түү 200 г щелочь эритмесин даярдоо үчүн канча NaOH жана суу алуу керек?
- Көлөмү 500 мл болгон 0,5м КОН (щелочтун) эритмесин даярдоо үчүн пайдаланылган эсептөөлөрдү көрсөткүлө.
- 0,5 м күкүрт кислотасынын эритмеси канча нормалдуу эритме боло алат?
- Төмөнкү заттардын г-экв массаларын аныктагыла: \(H_3PO_4\), \(H_2CO_3\), \(Al(OH)_3\), \(Cu(OH)_2\), CuOH, \(Fe(SO_4)_3\), \(FeSO_4\).
- Берилген заттардын электролиттик диссоциация теңдемелерин жазып көрсөткүлө: \(H_2CO_3\), KOH, \(Fe(OH)_2\), \(Fe(OH)_3\), \(Fe_2(SO_4)_3\).
- Суутектик көрсөткүч рН = lg[H⁺] теңдемеси аркылуу туюнтулат, аны окуп берсеңер аныктама келип чыгат.
- Суунун иондорунун көбөйтүндүсүнүн сандык мааниси канчага барабар?
- Эгерде эритмеде [H⁺]=10⁻⁹ г-ион/л болсо, эритменин суутектик көрсөткүчүн аныктагыла.
? ▼ ● Суроолор, көнүгүүлөр жана маселелер
- Эритме, эриген зат жана эриткич деген түшүнүктөргө мисалдар келтиргиле.
- Суюлтулган жана концентрацияланган эритмелердин айырмалары эмнеде?
- Эритмелердин проценттик, молярдык жана нормалдык концентрациялары кандайча туюнтулат?
- Эриген заттар HCl, NaOH, \(K_2SO_4\), \(Al(SO_4)_3\) өлчөмүнүн г, г-моль, г-экв массалары кандайча туюнтулат?
- Гидратация процессин кандай түшүнөсүңөр?
- Кандай заттар электролит жана электролит эместер? Алардын айырмасын электролиттик диссоциация теориясынын негизинде түшүндүргүлө.
- Нейтралдуу атом жана элементтин иону кандайча айырмаланат? Атом түзүлүшү менен түшүндүргүлө.
- Катиондор жана аниондор деген эмне?
- Гидроксоний ионунун пайда болуу схемасын көрсөткүлө.
- Туздар гидролизи менен электролиттик диссоциациясынын ортосунда байланыш барбы? Бар болсо мисал келтирип түшүндүргүлө.
- Индикаторлор: лакмус, фенолфталеин, метилоранж кислоталуу жана щелочтуу чөйрөлөрдө кандай түскө өтүшөт?
- Суутектик көрсөткүч деген эмне? Нейтралдуу, кислоталуу жана щелочтуу чөйрөлөрдө рН мааниси кандай болот?
- Төмөнкү заттардын электролиттик диссоциация теңдемелерин жазыла: \(H_2SO_4\), \(H_3PO_4\), CuOH, \(Cu(OH)_2\), \(CaSO_4\), \(Al_2(SO_4)_3\), \(NaHCO_3\), \(Na_2CO_3\).
- Төмөнкү кыскартылган иондук теңдемелердин толук иондук жана молекулалык түрүн жазып көрсөткүлө. а) \(H^+ + OH^- = H_2O\) б) \(CO_3^{2-} + Ba^{2+} = \downarrow BaCO_3\) в) \(SO_4^{2-} + Ba^{2+} = \downarrow BaSO_4\) г) \(Cl^- + Ag^+ = \downarrow AgCl\)
- Гидролизге учуроочу туздар берилген: а) \(FeCl_2 + H_2O \rightarrow\) чөйрө кислоталуу, б) \(NaHCO_3 + H_2O \rightarrow\) чөйрө щелочтуу, в) \(Na_2CO_3 + H_2O \rightarrow\) чөйрө щелочтуу. Гидролиз реакциясынын молекулалык, толук иондук жана кыскартылган иондук теңдемелерин жазыла.
Кайсы тапшырманы чечип берейин? Сүрөттө 1–24-номерлер бар, ошондуктан так номерди жазыңыз — мисалы, 16 же 22.